• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жээнбеков бүгүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат

19 Аяк оона 2019 10:30 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат, — деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнүнө карата кол коюлган.

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер Султан Ибраимов жана Төрөбай Кулатовго «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган. Сыйлыктарды тапшыруу аземине алардын балдары катышат.

Мамлекеттик сыйлыктар медициналык кызматкерлерге, билим берүү, маданият, адабият, айыл чарба, курулуш ж. б. тармагынын өкүлдөрүнө, аскер кызматкерлерине тапшырылат.

Сыйлык алуучулардын арасында бир катар чет элдик жарандар дагы бар.

Количество просмотров: 259