Бишкек.09.01.2019. Govori.TV.
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушууда өлкөдө коррупция менен күрөшүү токтобой турганын айтты.
— Өлкөдөгү коррупция ойлогондон да кеңири кулачын жайган экен, көп фактылар ачылды, ошондой эле жакында да көп фактылардын бети ачылат, — деп айткан президент.
Ошондой эле Жээнбеков экономикалык абалга да токтолуп, жаңы ишканалар көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүлөрүнөн үч жылдык мөөнөткө бошотулганын, Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу 1646 долбоор каржыланып, жалпысынан 300 млн. долларга жакын каражат жумшалганын белгиледи.
Президенттик аппараттын маалыматына караганда өлкөнүн аймактары боюнча 2018-жылы 2500ден ашык жаңы жумуш орду түзүлдү.