• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Жээнбековду коштоп баргандардан COVID-19 табылып, парадга катышпай калды

24 Кулжа 2020 14:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-июнда Москва шаарында өтуп жаткан Жеңиш парадына Сооронбай Жээнбеков катышкан жок. Президенттик аппараттын басма сөз кызматынан Govori.TVга билдиргендей, Сооронбай Жээнбековду коштоп барган Кыргыз делегациясы Москва шаарында коронавируска тест тапшырган.

Стамалиеванын айтымында, Президентти коштоп баргандардын экөөнөн коронавирус аныкталды. Мындан улам президент иш-чарага катышпоо чечимин кабыл алган.

Ал кошумчалагандай өлкө башчы Кыргызстанга кайтты. Президент жана аны коштоп баргандар Кыргызстанга келээри менен обсервацияга жаткырылат.

Количество просмотров: 445