21-февралда Бишкектин бир топ көчөлөрүндө суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаз-жай мезгилине даярдык алкагындагы оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу Советтик суу түтүгү өчүрүлөт.
Эртең мененки саат 09.00дөн кечки саат 20.00гө чейин 10-кичи райондо, ошондой эле көчөлөр менен чектешкен аймактарда суу болбой турчу аймактар:
Сүйөркулов, Тыныстанов, Ахунбаев жана Ала-Арча дарыясы;
Медеров, Радищев, Лев Толстой, Жукеев-Пудовкин;
Элебаев, Медеров, Жукеев-Пудовкин, Ахунбаев;
Малдыбаев, Масалиев, Байтик Баатыр жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилишинде суу өчүрүлөт.