• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Жети дубан ынтымагы» коомдук кыймылынын лидери менен 10 мүчөсү кармалды

21 Бугу 2021 14:18 Бишкек Govori.TV

«Кырк уруу, жети дубан ынтымагы» коомдук кыймылынын лидери жана мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 19-майда Аламүдүн районунун Тергөө кызматынын жана Чүй ОИИББдин атайын операциялар отрядынын кызматкерлери менен биргеликте саат 23:30 чамасында Новопавловка айылында жайгашкан үйлөрдүн биринде «баңгизаттарды сатууга жана уюштурууга катыштыгы бар» деген шек менен тинтүү иши жүргүзүлгөн.

Натыйжада 1969-жылы туулган И.Д. аттуу «Кырк уруу, жети дубан ынтымагы» коомдук кыймылынын лидери кармалды. Анын спорттук күрмөсүнөн 2,5 грамм «марихуана» табылды.

Ошондой эле, тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда үйдө 10 жаран болгон. Алар да аталаган коомдук кыймылдын жигердүү мүчөлөрү: 1971-жылы туулган А.А. (үйдүн ээси), 1968-жылы туулган О.Т., 1968-жылы туулган У.К., 1976-жылы туулган Т.С., 1977-жылы туулган А. Т., 1978-жылы туулган Ж.Т., 1981-жылы туулган К.А., 1983-жылы туулган И.К., 1992-жылы туулган Э.С., 1986-жылы туулган К.Ф. экендиги аныкталды.

Тинтүүнүн жүрүшүндө бөтөлкөдөн тамеки тартуу үчүн үйдө жасалган шайман («бульбулулятор»), кара куурайга окшош өсүмдүк, андан сырткары мончонун кийинүү бөлмөсүндө кызматтык ит тарабынан кара-куурай жытына ээ болгон баштык табылды.

«Экспертизанын корутундусуна ылайык табылып алынган зат таза салмагы 427 граммды түзгөн «марихуана» экени аныкталды. Ошондой эле Э.С. аттуу жарандын шымынын чөнтөгүнөн сары полиэтилен баштыкка оролгон таңгак табылды. Анын ичинде 3625 грамм «марихуана» болгон. Күбөлөндүрүү учурунда 10 жаран баңгизатка мас абалында болушкан», — деп билдирдли ИИМ.

20-майда О.Т., А.А., жана Т.С. аттуу жарандар Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык кармалып, Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Калган жарандар тергөө иш-аракеттеринен кийин келүү милдеттенмеси менен бошотулду. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жана тергөө амалдары улантылууда.

Количество просмотров: 434