ТИМ жана КРдин РФтеги элчилиги мекенине кайтууну каалаган, Оренбург облусунун Соль-Илецк районундагы кыргызстандыктарга тийиштүү жардам берүү маселесин иштеп чыгууда.
Учурда 100гө жакын жаран Соль-Илецк ш. мейманканаларына жайгаштырылды, 3 үй-бүлө жубайлары Соль-Илецк ш. мусулмандар башкармалыгынын колдоосу менен жайгаштырылды, 15ге чукул айдоочу өз каалоосу менен автоунааларында калууда.
Буга чейин казак тарапка КР жарандарына транзиттик өткөрмө уюштуруп берүү тууралуу кайрылууга Казакстандын аймагында ӨА режиминин жарыяланышы жана оор эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу баш тартуу келип түштү.
Казакстанда жарыяланган ӨА режиминин шартында россия-казакстан чек арасын ачуу азырынча негиздүү түрдө мүмкүн эмес.
Эскерте кетсек, Govori.TV, Орусиядан келе жаткан кыргыздар чек арада Кыргызстанга өтө албай калып калышкандыгы тууралуу жазып чыккан.