• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жээнбеков: Бардык жарандар кыргыз тилин билүүнү мамлекетик маанидеги милдет деп эсептеш керек

11 Тогуздун айы 2018 15:02 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 11.10.2018. Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын бардык жарандарын мамлекеттик тилди билиши мамлекеттик маанидеги милдет деп эсептөөгө чакырды. Бул туурасында өлкө башчы мамлекеттик резиденцияда өткөн КМШ мүчө өлкөлөрүнүн мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V сьездинин ачылышына катышкан учурунда айтты.
“Көп улуттуу Кыргызстанда билим берүү аркылуу ар кыл маданияттардын, тилдердин, этникалык жана диний коомчулуктардын гармониялуу интеграциясы ишке ашууда.
Ошону менен катар жарандык интеграциялануунун тили катары Кыргызстандын бардык жарандарынын мамлекеттик тилди билишин мамлекеттик маанидеги милдет деп эсептейбиз.
Кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили катары улуттук баш коштуруунун милдетин өтөөгө тийиш.
Кыргызстанда өлкөдө жашаган бардык улуттардын тилдерин, салттарын сактоо жана өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Мамлекетибиздин Конституциясында жарандарыбыз мамлекеттик, расмий жана дүйнө тилдеринин бирин билүү принциби бекитилген.
Кыргызстанда орус тилине расмий статус берилген.
Кыргызстан жарандары Пушкиндин жана Достоевскийдин тилинде эркин сүйлөгөн өлкөлөрдүн бири.
Биз муну коомубуздун руханий байлыгы деп эсептейбиз. Бул мурасыбызды биз сактап жана бапестөөгө милдеттүүбүз”,-деди Жээнбеков.

Количество просмотров: 46