• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жээнбеков: Коррупционерлердин тизмеси узарат

19 Бештин айы 2018 14:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.12.2018.Govori.TV.

Кыргызстанда жазага тартылышы керек болгон коррупционерлердин тизмеси дагы узарат. Бул тууралуу бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди.

Журналисттер ага шайлоо маалында 35 адамдан турган коррупционерлердин тизмеси бар экендиги тууралуу сөзүн эске салышты. Анда Райымбек Матраимов канчанчы орунда экени боюнча суроо берилди.

Жээнбеков бул тизме узара турганын айтты. Бирок анда Матраимов бар же жок экенин айткан жок. 

Теги:
Количество просмотров: 6