• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жээнбеков: Мөөнөтүм бүткөндөн кийин президент да, депутат да болбойм

19 Бештин айы 201814:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.12.2018.Govori.TV.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков президенттиктен кеткенден кийин кайрадан бийликке талапкерлигин койбойт. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда билдирди:

«Мен кийин президенттикке, депутаттыкка талапкерлигимди койбойм. Партия лидери да болбойм. Алты жылдан кийин президенттиктен кеткенден кийин кызматымды эсен-аман тапшырып, эл арасында жакшы-жаманда чогуу болуп, аралашып жүргөндү каалайм»,-деди өлкө башчы.

Ошону менен катар мамлекет башчысы өзүнөн кийин бийликке келем дегендерге бирдей атаандаштык шарт түзүп берүүгө аракет жасарын айтты.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенти болуп алты жылдык мөөнөткө 2017-жылы шайланган.

Количество просмотров: 49