• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жээнбеков: Райымбек Матраимовдун байлыгы текшерилет

19 Бештин айы 2018 13:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.12.2018.Govori.TV.

“Азаттык” радиосунун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун байлыгы тууралуу телеберүүсүндө келтирилген жүйөлөр текшерилет. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Коомчулукта «Раим миллион» деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимов былтыр ноябрь айында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган.

Өткөн айда «Апрель» телеканалындагы маегинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековду «Райымбек Матраимовго болушкан» деп билдирген.

«Азаттыктын» «Бажыдагы миллиондор» иликтөөсү 2017-жылдын февраль айында жарыяланган.

Теги:
Количество просмотров: 8