Бишкек.27.12.2018.Govori.TV
«2019-жылдын 1-январынан баштап жаңы укуктук мейкиндикте иштөө мезгили келди», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-декабрда соттук реформа боюнча Кеңештин жыйынында.
Мамлекет башчысы даярдык стадиясы аяктап, жаңы укуктук мейкиндикте иштөө мезгили келгенин белгиледи.
«Жарандарыбыздын арыздарын каттоодон баштап соттун өкүмү чыгып, анын аткарылышына чейинки аракеттер силердин иштегениңерге жараша болот. Ушул иштер ийгиликтүү болсо гана соттук-укуктук реформанын биринчи кадамдары жакшы болушу керек. Кол алдыңарда иштеген кызматкерлердин баары аттестация, окуудан өтүшүп, реформанын маңызын терең түшүнүшү керек. Реформаны ишке ашыруудан башка жол жок. Ал жүзөгө ашпай, тоскоолдукка учураса ар бириңер керт башыңар менен жооп бересиңер. Бул талап ички иштер министрлигине, коопсуздук кызматына, финансы полициясына, прокуратурага, жаза аткаруу кызматына жана сотторго, Президенттик Аппаратка — баарына теӊ тиешелүү. Реформаны үзгүлтүккө алып баргандын эч кимисин жазасыз калтырбайм», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.