• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жээнбеков ЖКдагы депутаттардын саны тууралуу пикирин айтты

19 Бештин айы 2018 13:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.12.2018.Govori.TV.

Журналисттер президент Сооронбай Жээнбековго учурдагы партиялык система тууралуу жана парламенттеги депутаттардын санын азайтуу боюнча суроо узатышты.

Өлкө башчысы учурда иштеп жаткан система эң жакшы система экенин айтты. Андан сырткары, партиялык системада программалардын атаандашы болушу керектигин баса белгиледи.

Ал эми депутаттардын саны жана сапаты табигий жол менен иргелиши керектигин белгиледи.

«Парламенттик шайлоодо алты партия өттү. Жакшыбы, жаманбы алар 5 жыл мөөнөтүн өтөшү керек. Эл президентти, депутаттарды шайлап мамлекеттик бийликти башкарууга катышат. Жылдан жылга эл партияларды тандап шайлап калды. Аты жаман болуп калгандарга добуш бербей жатат. Биз табигий жол менен кетишибиз керек», — деди ал.

Жээнбеков ошондой эле кийинки шайлоодо партиялар эл арасында кадыр баркы бар, эл менен иштей тургандарды тандап каларын айтып, мурдагыдай акча чечпей каларын кошумчалады.

Теги:
Количество просмотров: 10