Бишкек.26.01.2019.Govori.TV.
ММКлар 25-январда түн ичинде Токмоктун аймагында, көзөмөл-өткөрмө пунктунун Дунларов көпүрөсүндө жүк ташуучу унааларды көзөмөлгө алууга жана таасир чөйрөнү бөлүп алууга аракет кылган эки жарандын ортосунда ок атышуу болгондугун жазып чыгышкан.
Журналистердин маалыматына караганда, бул кырдаалды чечүүгө Жогорку Кеңешинин депутаты барган жана Урмат Самаевдин аты кыйыр түрдө аталган.
Бирок, Самаев окуя болгон жерге барбагандыгын айтып, бул маалыматты четке какты.
«Мен кечээ Чоң-Кеминде болдум. Элдер ММКлар мен жөнүндө жазгандыгын айтышууда жана телефон чалып жатышат. Өзүм ал маалыматты окуган жокмун. Мага бул кызыксыз. Менин буга эч кандай тиешем жок», — деди ал.
Чүй ОИИББ бул окуя боюнча ички иштер органдарына эч кандай маалымат түшпөгөндүгүн жана ММКдагы билдирүү «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалымат системасына киргизилгендигин айтты.