• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ЖКнын профилдик комитети премьер-министрлик кызматка Кубатбек Бороновдун талапкерлигин жактырды

16 Кулжа 2020 18:47 Бишкек Govori.TV


Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламенти боюнча комитети бүгүн, 16-июнда премьер-министрлик кызматка Кубатбек Бороновдун талапкерлигин жактырды. Ошондой эле өкмөттүн курамы да жактырылды.

Комитет тарабынан жактырылган Бороновдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү. Ал эртең, 17-июнда жалпы жыйында каралат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрлик кызматка Кубатбек Бороновдун талапкерлигин бир добуштан колдогон.

Өкмөттүн жаңы курамы:

КР вице-премьер-министрлер:

Асрандиев Эркин Шамшудинович;

Мадумаров Акрам Камбаралиевич;

Исмаилова Аида Жекшенбаевна;

Чынгыз Айдарбеков – Тышкы иштер министри;

Кашкар Жунушалиев – Ички иштер министри;

Марат Жаманкулов – Юстиция министри;

Бактыгүл Жеенбаева – Каржы министри;

Санжар Муканбетов – Экономика министри;

Чодуев Эркинбек Урайымович – Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;

Жанат Бейшенов — Транспорт жана жолдор министри;

Замирбек Аскаров – Өзгөчө кырдаалдар министри;

Каныбек Исаков – Билим берүү жана илим министри;

Сабиржан Абдикаримов – Саламаттыкты сактоо министри;

Азамат Жаманкулов – Маданият, маалымат жана туризм министри;

Улукбек Кочкоров — Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;

Орозбек Опумбаев – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы;

Эрлис Тердикбаев –Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы;

Эмиль Осмонбетов – Өнөр жай, энергетика жана жер кыртышын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Алмазбек Исмаилов – Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Таалайбек Темиралиев – Өкмөттүн аппарат жетекчиси.

Количество просмотров: 79