• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

ЖМК менен коомго жардам берүү максатында «Teskep» кызматы түзүлдү

27 Тогуздун айы 2021 18:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-октябрда бизнеске, жарандык коомго жана массалык маалымат каражаттарына жардам берүү максатында түзүлгөн жаңы «Teskep» сервисинин бет ачары өтүп жатат.

Иш-чарага массалык маалымат каражаттарынын, каржы институттарынын, юридикалык уюмдардын жана жеке ишканалардын өкүлдөрү катышууда.

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун айтымында, «Teskep» бүтүмдөрдү түзүүдө уюмдардын жана жарандардын тобокелдиктерин азайтуу менен ачык маалыматтарды колдонуп, өз алдынча иликтөө жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

«Дал ушундай сервис башка мамлекеттерде бар. Ал эми Кыргызстанда алгачкылардан болуп тажрыйбадан өткөрүп жатабыз десек болот. Анда 30 миллион маалымат, 20 булак бар»,-деди Темиров.

Количество просмотров: 183