• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

ЖМТРК бир канча сайтты сотко берүүгө камынууда

8 Бирдин айы 201919:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.02.2019. Govori.TV.

Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясы (ЖМТРК) каналдын директоруна байланыштуу айрым интернет-сайттарда чыккан макалаларга байланыштуу сотко жана Маалымат каражаттарына каршы арыздарды комиссияга кайрылат.

Алар «Nazar news», «Chyndyk.kg», «Racurs.kg» жана «Mezgil news» сайттары.

ЖМТРКнын кесиптик кошуунунун төрайымы Гүлзина Мөндөеванын “Азаттык” билдиргенине караганда, 5-февралда Интернет басылмаларында «ЖМТРКнын кызматтык автоунаасын директор Союзбек Абдрасулов жең ичинен 20 миң сомго сатып жиберди» деген кабар чыккан.

«1991-жыл чыгарылган “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү кызматтык автоунаа 2010-жылы сатып алынган. Мыйзамга ылайык, кызматтык автоунааны пайдалануунун мөөнөтү — беш жыл. Баланста автоунаа турса жаңысын алууга мыйзам жол бербейт. Ошондуктан Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кат жөнөтүлгөн жана автоунаа сатылган эмес»,- деди Мөндөева.

Аталган сайттарга телеканалдын юристи кат жөнөткөн, бирок жооп келе элек.

Кырк чамалуу кызматкери бар ЖМТРК күн сайын 17 саат эфирге чыгат, көрсөтүүлөрү Жалал-Абад, Ош аймактарын камтыйт.

Теги:
Количество просмотров: 28