• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Жогорку Кеңеште эки депутат мушташып кетти

14 Үчтүн айы 201915:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.01.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңеште депутат Өмүрбек Бакиров менен Кубанычбек Нурматов мушташып кетишкен. Бул тууралуу “Калыс Медиа” жазып чыкты.

Маалыматка караганда мушташ Кубанычбек Нурматовдун кабинетинде болгон. Себеби азырынча белгисиз.

Депутат Кубанычбек Нурматов менен байланышканыбызда чыр боюнча эч нерсе билбей турганын айтты.

Эскерте кетсек, чырдашкан депутаттардын экөө тең Араван районунан.

Өмүрбек Бакиров өткөн жылдын декабрь айында “КСДП” фракциясынын Музаффар Исаковдун ордуна депутат болуп келген.

Кубанычбек Нурматов 2015-жылы “Кыргызстан” партиясынан депутат болуп шайланган.

Количество просмотров: 31