«Кыргыз эли дүйнө жүзү суктанаарлык зор байлыкка ээ. Албетте, ал укумдан-тукумга, атадан-балага, муундан-муунга сөз берметтерин куюлуштуруп айтылып келе жаткан улуу “Манас” эпосу. Ар бир элдин карт тарыхы, узак өтмүшү бар. Бирок тээ байыртадан берки жашоо-турмушун бийик көркөмдүк менен ыр саптарына шурудай тизип, океандай болгон бир дастанга сыйдырылган тарых дүйнөдө жок. Ошол үчүн “Манас” эпосу – кыргыз элинин туу туткан руханий азыгы, идеологиялык багыт берген жол көрсөткүчү. Дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматов атабыз да «Манас» эпосун руханий байлыгыбыздын туу чокусу деп таасын белгилеген»,- деди Дастан Жумабеков.