• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Жогорку сот Атамбаевди 11 жылга кескен өкүмдү кайра күчүнө киргизди

19 Тогуздун айы 2021 11:37 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата өкүмдү кайра күчүнө киргизди. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Маалыматка караганда, Жогорку сот Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, өкүмдү калыбына келтирүү чечимин 12-октябрда кабыл алган.

«Быйыл октябрдын башында башкы прокурордун орун басары Кумарбек Токтакунов Жогорку сотко кайрылып, Жогорку соттун ушул токтомун жокко чыгарып, мурдагы чечимди күчүндө калтырууну өтүнгөн»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы “айыккыс илдетке чалдыкты” деген жүйө менен мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, атайын коштоо менен Орусияга учуп кеткен. Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылды кайра иликтене баштаган. Атамбаев ушул ишке байланыштуу Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармалган. 2020-жылы 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди “Батукаевдин иши” боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга кескен. Ошол эле жылы 17-августта Бишкек шаардык соту ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Жогорку сот 2020-жылдын 30-ноябрында ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн болчу.

Количество просмотров: 998