• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Жогорку соттун судьясы Сатыбалдиеванын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

19 Бирдин айы 202010:11 Бишкек Govori.TV

Жогорку соттун судьясы Сатыбалдиева Нургүл Айыповнанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Президент Сооронбай Жээнбековдун бул тууралуу сунушун парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев бүгүн, 19-февралдагы жыйында айтты.

Президенттин кайрылуусунда: «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын Судьяларынын статусу жөнүндөгү Конституциялык мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык жана Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Сатыбалдиева Нургүл Айыповнанын Жогорку соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жеке каалоосу боюнча кат жүзүндө берген арызына ылайык мөөнөтүнөн мурда токтотууну сунуш кылам», — деп айтылат.

Буга судьялар кеңешинин чечими жана Н.Сатыбалдиеванын өзүнүн арызы негиз болгон.

Жыйынтыгында депутаттар бул сунушту колдоп, Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Количество просмотров: 57