• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жол эрежелеринин бузгандарга: Айып пулдун көлөмүн 3000 сомдон 1000 сомго чейин төмөндөтүү болжолдонууда

25 Аяк оона 2019 12:36 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жол кыймылынын эрежелеринин бир канча түрүн бузуу боюнча салынуучу айыптын көлөмүн азайтуу демилгесин колдойт.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков белгилегендей, коомчулуктан жолдогу майда укук бузуулар боюнча айып пулдарды азайтуу тууралуу жетишээрлик кайрылуулар келип түштү.

«Коопсуз шаардын» алкагында коюлган аппараттык-программалык жабдуулардын негизинде унаа ээлирине эрежелерге баш ийүүгө жана жолдорду тартипке келтирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бирок өлкөдөгү жашоонун деңгээли жана орточо көлөмдөгү айлык акыны эске алганда, жол кыймылынын эрежелеринин бир канча түрүн бузуу боюнча салынуучу айыптын көлөмү көп болуп калганын моюнга алуу керек. Биз коомчулуктун келтирген жүйөсүн уктук. Ошол эле учурда мас абалында унаа башкаруу сындуу жол кыймылынын олуттуу эрежелери бузулган учурда төлөнүүчү айып мурдагыдай эле болот. Муну менен катар биз автотранспорт каражаттарынын ээлерин унааны башкаруу маданиятын жогорулатууга жана жол кыймылындагы процесстин бардык катышуучуларынын алдындагы жоопкерчиликти сезе билүүгө чакырат элек. Ар бирибиз жолго чыгып жатканда, унаа бул – адамдар үчун орду толгус зыян алып келиши мүмкүн экенин унутпашыбыз керек», — деди Жеңиш Разаков.

Коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбооруна ылайык, бузуулардын 8 түрү боюнча айыппулдар категорияларын азайтуу сунушталууда:

— жол белгилеринин талаптарын аткарбоо;

— жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен кууп өтүүнүн же болбосо маневр жасоонун эрежелерин бузууларын кошпогондо);

— токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;

— коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу;

— автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу;

— жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын светофордун тыюу салуучу сигналы же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо аткарбоо;

— каршы кыймылдын тилкесине чыкпай туруп, кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу;

— тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу.

Жогоруда тизмектелген эреже бузуулар боюнча айып пулдун көлөмүн 3000 сомдон 1000 сомго чейин төмөндөтүү болжолдонууда.

Количество просмотров: 81