Жеңишбек Жоробеков Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалганы маалымдалды.
Белгилей кетсек, Жеңишбек Жоробеков буга чейин Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.
Ал эми бүгүн Азамат Исраилов Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчылыгынан кеткени маалымдалган. Ал бул кызматта 2019-жылдан бери иштеп келген.