Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов 29-февралда кызматтан кетти. Маалыматты Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы ырасташты.
Маалыматта айтылгандай, тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койгон.
Азамат Исраилов бул кызматта 2019-жылдан бери иштеп келаткан.