• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Дем алыш күндөрү Бишкек – Ысык-Көл жолунда коопсуздук күчөтүлөт

11 Баш оона 2023 18:07 Бишкек Govori.TV

Дем алыш күндөрү Бишкек – Ысык-Көл жолунда коопсуздук күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы күндөрү Ысык-Көл облусунан Бишкек шаарына келе жаткан айдоочулардын катышуусунда жол унаа кырсыктары көп катталууда.

«Себеби айдоочулар жол эрежелерин толук сактабай, каттуу ылдамдыкта айдап, каршы тилкелерге чыгып, ашып өтүү маневр жасоо эрежелерин толук сактабай, жол унаа кырсыктарынын 90 пайызына айдоочулар өздөрү себеп болууда», — деп айтылат маалыматта.

Ошондуктан, дем алыш күндөрү да ЖКККББнын кызматкерлери Бишкек — Чолпон-Ата багыты боюнча кошумча постторду коюу менен жол унаа кырсыктарынын алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Кечкисин жол тыгындарынын алдын алып, көчөлөрдүн кесилиштеринде жол кыймылын жөнгө салышат.

Башкармалык айрыкча ылдамдыкты ашырып, каршы тилкеге чыккандарга жана мас абалында унаа башкаргандарга катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.

Количество просмотров: 124