• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жолдошбаев: » Шапкемди ылдый кийип алып, Ош базарын кыдырам»…

26 Бирдин айы 2019 17:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.02.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев ишке кирген жаңы кодекстердин негизинде шаар ичи бир топ тартипке келип калганын айтты.

«Мен бош убактымда шапкемди ылдый кийип алып Бишкектеги Бейшеналиева жана Кулиев көчөлөрү жакка барам. Ал жакта эл түкүрбөй, адептүү болуп калышыптыр»,-дейт Жолдошбаев.

Мындай пикирин ички иштер министрине жагынуу үчүн айтып жатпаганын белгиледи.

«Мен ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге жагынайын деп айткан жерим жок. Чынында эле Бишкекте эл түкүрбөй калыптыр. Ош базарын шапкемди ылдый кийип алып айланып келем. Жакшы нерсе көрсөм шапкемди өйдө көтөрүп калам», — деди депутат.

Жыйында аталган комитеттин 2018-жылдын 26-июнундагы чечиминин аткарылышы боюнча Ички иштер министрлигинин маалыматы угулууда.

Теги:
Количество просмотров: 14