• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жумабеков Абылгазиевге коронавирустун экинчи толкунуна даярданууну айтты

22 Бугу 2020 16:06 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге коронавирус инфекциясынын экинчи толкунуна даярдануу керектигин айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, мындай пикирин спикер ЖКнын кечээги, 21-майдагы, жыйынында билдирген. Төрага Кыргызстандын саламаттык сактоо жана экономика тармагы кандай кыйынчылыктарга дуушар болгонун эскерткен.

Жумабековдун айтымында, күз айында COVID-19дун жайылып кетүү коркунучуна каршы туруу үчүн бюджеттен каражат кароо керек.
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү пандемиянын экинчи толкуну болушу ыктымал экенин болжолдогон.

Кыргызстанда коронавирус жалпы 1350 адамга жукту. Анын ичинен 949 бейтап айыкса, 14 киши каза болгон.

Количество просмотров: 277