• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

“Жунда” заводуна сырттан зыяндуу химиялык заттардын кириши тууралуу иликтөө боюнча жумушчу топ түзүлдү

3 Бештин айы 2018 15:48 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.12.2018.Govori.TV.
Бүгүн, 3-декабрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Жунда” мунай заттарын кайра иштетүүчү ишканасына пайдалануу үчүн сырттан алынып келүүчү химиялык заттарды алып келүүдө химиялык заттарды республика аймагына киргизүү жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдардын сакталышын жеринен иликтөө боюнча жумушчу топ түзүлдү.
Жыйында аталган маселенин демилгесилеринин бири депутат Алмасбек Акматов аталган заводго зыяндуу химиялык заттар кирип жатат деген маалыматтарды текшерүү зарылдыгын, ал үчүн тиешелүү жумушчу топ түзүү демилгеленип жаткандыгын маалымдады.
Жыйынтыгында депутаттар Айтмамат Назаров, Алмасбек Акматов, Абылкайыр Узакбаев, Бакирдин Субанбеков, Мухтар Айнакулов, Экмат Байбакпаев жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген жумушчсу топ түзүү чечими кабыл алынды.
Количество просмотров: 22