• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Журналист Актилек Капаров менен акын Азамат Ишенбековду ИИМге алып келишти

16 Үчтүн айы 20249:57 Бишкек Govori.TV

“Айт, айт десе” долбоорунда иштеген акын Азамат Ишенбековду жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы кызматкери Актилек Капаровду ИИМге суракка алып келишти.

Белгилей кетсек, бүгүн таң эрте Кыргызстанда бир нече журналисттин үйүндө тинтүү болуп, укук коргоо органдарынын кызматкерлери алардын айрымдарын суракка алып кеткени кабарланган.

Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызынын, бул командада иштеген журналист Сапар Акунбековдун Бишкектеги үйлөрүндө, ушул эле долбоорлордо иштеген Азамат Ишенбековдун Токмоктогу үйүндө тинтүү болуп жатканын жазды.

Анын маалыматы боюнча, ИИМ “массалык башаламандыктарга чакыруу” айыбы менен кылмыш ишин козгогон.

Ушул эле күнү ИИМдин кызматкерлери “Полит Клиника” басылмасынын журналисти Тыныстан Асыпбектин да үйүн ушул эле кине менен козголгон иш боюнча тинтүүгө алган.

Количество просмотров: 187