Бишкек. 22.03.2019. Govori.TV.
Журналист, экс-чиновник Бабырбек Жээнбеков 68 жашында дүйнө салды.
Маркум акыркы жылдары узакка созулган дарттан жабыркап жүргөн. 2018-жылы Түркияга барып операция болуп келгени маалымдалган.
Эмгек жолун 1967-1968-жылдары Талас облусунун Киров районунда мектептен баштаган.
Бабырбек Жээнбеков “Алиби” жана башка бир нече гезиттерди негиздеген.
2013-жылы кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө агенттигин жетектеген.