• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Журналист Болот Темировго кол салгандар изделүүдө (видео)

9 Үчтүн айы 2020 14:22 Бишкек Govori.TV

«Фактчек.кг» басылмасынын журналисти Болот Темировго кол салгандар изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, бүгүн редакциянын жанынан Темировду 3 белгисиз жаран сабап, телефонун тартып алганы айтылган.

«Окуя болгон жерге Биринчи май райондук тергөө тобу барды. Учурда ал жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат», — деп ШИИБдин басма сөз кызматынын башчысы Улан Жумаков билдирди.

Ал эми бүгүн болгон маалымат жыйында Президенттин басма сөз кызматынын жетекчисине бул тууралуу суроо берилген. Ал эми Толгонай Стамалиева бул окуяга комментарий берип, бул кол салуунун дыкат иликтенүүсүнө көз салабыз деп билдирген.

Ал эми кол салуу учуру видео көзөмөлгө түшүп калган, аны 24.kg агенттиги жарыялады.

«Фактчек.кг» басылмасы фактылар жана иликтөөлөрдү тактоого багытталган. Сайттын иши «Сорос-Кыргызстан» фонду тарабынан колдоого алынган.

Количество просмотров: 664