Журналист Канат Каниметов өзүнө кылмыш иши козголгонун билдирди. Бул тууралуу ал «фейсбукка» жазды.
Ал ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматтын башчысы Жеңиш Жоробековдун колу коюлган кагаздын көчүрмөсүн жарыялады. Маалыматты ИИМ өкүлү «Журналисттерди коргоо комитети» уюмунун кабарчысына бергенин айтты.
Анда Каниметовго карата Жоруктар кодексинин 119-беренеси («Майда бейбаштык») менен Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган иш териштирилип жатканы жазылган.