• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Журналисттердин үйлөрүнүн тинтүүгө алынышы: ИИМ маалымат таратты

16 Үчтүн айы 2024 11:33 Бишкек Govori.TV

Милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагын мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт Айт Десе» жана Temirov Live аталышындагы социалдык баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жазаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун билдирүүсүнө таянсак, аталган маалымат боюнча иштин жагдайларына толук иликтөө жүргүзүү үчүн жогорудагы көрсөтүлгөн маалымат КР ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган.

2024-жылдын 12-январында эскспертизанын корутундусуна ылайык, «Айт Айт Десе», Temirov Live аттуу баракчаларга тиешелүү материалдарда массалык башаламандыктарга чакырыктардын белгилери бар деп аныкталган.

Аталган экспертизанын жыйынтыгы менен ИИМдин тергөө кызматы КР Кылмыш жаза кодексинин 278 –беренесинин (Массалык башаламандыктар) үчүнчү бөлүгү менен (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) кылмыш ишин козгоп тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Учурда ИИМдин тиешелүү кызматтары бир канча даректер боюнча бир катар ыкчам тергөө иликтөө иш чараларын улантууда.

Количество просмотров: 64