• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Жыл башынан бери «балага сүйүнчү» 103 миң 550 ата-энеге берилди

27 Бештин айы 201815:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.12.2018.Govori.TV

Кыргызстанда «балага сүйүнчүнү» жыл башынан тарта 103 миң 550 ата-эне алышты. Бул тууралуу маалымат жыйында Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улугбек Кочкоров айтты.

Ал билдиргендей, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы төрөлгөн балдардын саны мындан көп.

«Бирок, бардык ата-энелер сүйүнчү пул алууга арыз берген эмес. Алар балдары 6 айга толгонго чейин арыз бере алышат», -деди Кочкоров.

Улукбек Кочкоров жөлөк пулду алууда паспорт менен банктык картаны көрсөтүү керек экенин кошумчалады.

Теги:
Количество просмотров: 19