• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Зиядин Жамалдинов: Сыйга тапанча берүү туура эмес

13 Бирдин айы 2019 17:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.02.2019. Govori.TV

Бүгүнкү, 13-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында сый көргөзүү катары тапанча берген туура эмес деген пикирин депутат Зиядин Жамалдинов билдирди.

«Сыйга тапанча берген туура эмес деген ойдомун. Сыйлыкка берилген куралдар кимдер тарабынан берилет?» — деди депутат.

Буга ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев сыйлыкка берилген куралдар президент, өкмөт жана Жогорку Кеңеш тарабынан гана бериле турганын билдирди.

«Мурун Ички иштер министри деле берип жүрбөдү беле?» деди Жамалдинов.

«Жок, ички иштер министри мыйзамга ылайык бере албайт. Сыйга берилген тапанчалар «Курал жөнүндө мыйзамга» ылайык берилет. Сыйлыкка берилген куралдарга каражат бюджеттен алынат. Өзүнчө «Сый курал фонду» бар, ошол фонд тарабынан каржыланат», — деп кошумчалады Орозалиев.

«Сыйга мамлекеттик сыйлык берсин, татыктуу болсо акчалай сыйлык берсин. Тапанча менен сыйлоо туура эмес деген ойдомун. Экинчи окууда мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү керек», — деп кошумчалады Жамалдинов.

Жогорку Кеңеште «Курал жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Теги:
Количество просмотров: 7