• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Зулушев “Кактус Медианын” макаласына козголгон иш боюнча комментарий берди

9 Бирдин айы 2022 12:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-февралда, башкы прокурор Курманкул Зулушев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып “Кактус Медианын” макаласына козголгон иш боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, “Кактус Медиада” жарыяланган макала боюнча Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан иш козголгон.

“Учурда Бишкек шаардык прокуратурасы тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Тиешелүү экспертиза даярдалган. Азырынча жообу чыга элек. Макалада Кыргызстан биринчилердин болуп ок атты деген маалымат болгон. Өзүңүздөр билгендей, эки мамлекеттин ортосунда чек ара боюнча олуттуу маселе бар. Ким болбосун баары бирдей жооп бериши керек. Сөз эркиндигин чектөө деген бизде ой дагы болгон жок. Биринчи май райондук прокуратурасы өзүнүн функционалдык милдетин аткарып, иш козгоду. Эгер тергөөдө далилденсе, анда жоопко тартылат”, — дейт Зулушев.

Эске салсак, “Кактус Медиа” жарыяланган макала тууралуу түшүндүрмө берген. Анда белгиленгендей, 27-январда Kaktus.media сайтында ASIA-Plus тажик басылмасынан Кыргызстан менен чек арадагы кырдаал боюнча алынган (перепечатка) маалымат жарыяланган.

Количество просмотров: 111