• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

19-март. Күндүн ыргагы… Мыйзамды «улактай» тарткан депутаттар

19 Жалган куран 2018 17:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.03.2018. Govori.TV
Мыйзамдар менен эрежелер бузулуш үчүн жазылат,- деген тамаша сөздү Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары түз кабыл алышкан көрүнөт. Бүгүн сессияга чогулуп жатканда борбор калаадагы толгон токой маселелер, таштады, жолдордун аянычтуу абалы, экология талкууланат деп ойлогонбуз. Тилеген тилегибизди таш капты. Депутаттар чогулуп, мурдагы көчөлөрдүн атын өзгөртүүгө болгон мораторийди токтотуп, азыр Шабдан Баатыр көчөсүн 7-апрель кылып которууга болот, бирок мындан кийин анткенге болбойт деп кайра мораторийди 10 жылга киргизишти. Карап отуруп күлөөрүңдү же ыйлаарыңды билбейсиң. Карасаң депутаттар чоң эле кишилер көрүнөт. Мыйзамды мындай одоно бузганга эмне себеп болду?

Айрым имиштүү маалыматтарда Бишкек шаарынын мэри шаардык кеңештин айрым депутаттарын чакырып, тез арада ушул мыйзамды өзгөрткүлө деп катуу айткан
экен. Кимдир бирөөлөр сөккөн экен дейт. Бирөөлөр Алмазбек Атамбаев үчүн ушундай кылып коёлу деп суранган дешүүдө.

7-апрель албетте кыргыз элинин тарыхында кара тактар менен жазылып кала берет. Бул кандуу шаршембини унутканга акыбыз да жок. Ал күнү эркиндик үчүн жанын берген 90 кырчындай болгон жигиттерибизди эч качан эсибизден чыгарбашыбыз керек. Апрель революциясына быйыл 8 жыл толот.Ушул убакыттын ичинде эмне өзгөрдү? Коррупция баягыдан дагы гүлдөр өскөнүн ошол революцияга катышкан КСДП фракциясынын депутаттары өзүлөрү айтып жатышат. Ошондо кабыл алынган Конституция өзгөрдү. Революцияга катышкан саясатчылар четке сүрүлүп, Акаев, Бакиевдин жакын адамдары бийликти мыкчып  калышты. Өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы тууралуу айтпасак дагы баары белгилүү болуп отурат.
Анан мыйзамды бузуп эле, көчөлөрдүн атын өзгөртүп койсок, ушул маселелердин баардыгы чечилеби? Же өткөрүп берген бийликти кайра ала албай калсам, апрелчилерди оң миңдеп көчөгө алып чыгарам дегендин азыртан көрүлгөн аракетиби?
Владимир Путин кайра президент
Акыркы бир айдан бери Орусияда президенттик шайлоо компаниясы жүрүп жатат. Теледебаттар, ал жерге чыгып алып, «маскарапоз» болуп,бири-бирин сөгүп, суу чачышкан Жириновский менен Собчак, президенттике Путинден татыктуу эч ким жок экендигин тастыктап беришти окшойт. Владимир Путин 76 пайыз менен жеңип чыкты.

Орусиянын өз аймагынан сырткары, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөрдө шайлоо тилкелери ачылды. Украина жаштары Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн курчап, шайлоого мүмкүнчүлүк бербей коюшуптур. Бизде болсо баары башкача болду. Орусиянын элчилигин алдында кезек күткөндөрдүн арты көрүнбөйт. Кыргызстанда ушунча Орусиянын жараны бар экендиги коомчулук үчүн жаңылык болду.

Жыйынтыгында 13 000 Орусиянын шайлоочусу Кыргызстандан добуш беришиптир. Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди колдоорун мурда эле ачык айткан. Орусияны 90-жылдарга салыштырмалуу ушул деңгээлге көтөргөн адамдан башка, татыктуу талапкер жок деген. Шайлоонун жыйынтыгы чыгаары менен алгачкылардан болуп Владимир Путинди Сооронбай Жээнбеков куттуктады.

https://www.facebook.com/Qairat/videos/1626370824105659/

Жаш өмүрлөрдү алып кеткен кырсыктар
Кара-Балта шаарына жанынан өткөн темир жолдо 14 жашар баланы поезде тепселеп кетти. Кырсык болгон жерге келген тез жардам баланы ооруканага алып барышкан. Бирок өмүрүн сактап калганга мүмкүнчүлүк болгон жок. Поездин машинисти бала капыстан чуркап чыга калганын айтууда. Бул биринчи факты эмес. Акыркы бир нече айда эле поездин алдында калгандардын саны үчкө жетти. Бишкек шаарында болсо 23 жаштагы бала 11 кабат үйдүн үстүнөн секирип кетти. Телефонундагы номурлардын баардыгын өчүрүп, апасынын номурун эле калтырган. Ошентип мончоктой болгон эки өмүр бир күндө кыйылды.
 
Тапанча көтөрө чуркаган
Элдин баары эмнегедир ачуулу. Бири-биринин сөзүн көтөрө албай, болбогон нерсе үчүн мушташа кеткендер арбын. Кечээ машинемди таза жуубай коюптурсун деп, уруша кеткен айдоочу, унаа жуугучтун админстраторуна тапанча такаптыр. Ал айдоочу азыр кармалганын милиция кабарлады. Тинткенде жанынан банги заты дагы чыгыптыр.
Количество просмотров: 38