• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

1 миллион долларга «күйгөн» инвестор. Үч жылга созулган иштин чоо-жайы…

18 Бугу 2022 17:23 Бишкек Govori.TV

Beko бренди менен таанымал “Эфор Бишкек ЛТД” камсыздандыруучу компаниядан өрттүн кесепетинен жаралган чыгымды ушул күнгө чейин төлөтө албай убара. 2019-жылы ишкана ижарага алып колдонгон кампада чыккан өрттө ал жактагы болгон баардык буюм–техникалар күйүп кеткен.  Жактоочунун айтмында мындай кырсык болгон учурда камсыздандыруучу компания чыгымды төлөп берүүсү керек болчу.

Нет описания.
Канышай Мамытова, адвокат.

«Кампада жогору жактан өткөн электр зымдарынан оттор чачырап, өрт жаралган. Баарыбызга белгилүү болгондой турмуш-тиричилик техникасы сыртынан жеңил желим, кагаз менен курчалган. 15 мүнөттүн аралыгында келген өрт өчүрүучүлөр өрттү өчүрө албай калышкан. Мындан улам кампадагы болгон техника күйүп кеткен. Камсыздандыруучу компания менен болгон келишимге ылайык, мүлк бузулган же жоголгон учурда ордун толтуруусу керек болчу. Камсыздандыруунун компенсациясынын көлөмү 1 миллион доллар, бул биздин өлкө үчүн чоң эле каражат болуп саналат. Андыктан камсыздандыруучу компания 3 жылдан бери бул сумманы төлөбөөгө болгон аракетин көрүп жатат. Камсыздандыруучу жагдай жаралганын компания моюндаган. Андан соң алар сырткы аудит жүргүзүүнү талап кылышып, “Эфор Бишкек ЛТДны” текшерген ишкана жалдашты. Текшерүүнүн жыйынтыгы чынында эле аталган суммага келгирилген чыгым дал келерин аныкташкан», — дейт жактоочу.

Канышай Мамытова кошумчалагандай, иштин алкагында дайындалган экспертизанын жыйынтыгында өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан улам келип чыкканы айтылган. Бирок кошумча дагы бир нече экспертизалар дайындалып, алардын ар биринин жыйынтыгы  ар башка болгону суроолорду жаратууда.

«Эксперттердин алгачкы корутундусу “айрым адамдарга” жакпай калгандыктан, кайрадан экспертиза дайындалган. Жалпы жонунан 3 экспертиза дайындалган. Кызыгы, бул 3 текшерүүнү тең бир эле эксперттердин тобу жүргүзгөн, а бул туура эмес. Негизи кайра дайындалган экспертизанын маңызы буга чейинки корутундуга баа берүү үчүн башкаларды тартуу же ошол топко жаңы эксперттерди кошуу болуп саналат. Деген менен аткарылган 3 экспертизанын жыйынтыктары ар башка болуп чыккан. Биринчиде өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан чыкканы айтылса, экинчи корутундуда компания кампаны электр зымдары өткөн бөлмөдө жайгаштырганынан өрт чыккан деп жазылат. Ал эми үчүнчү корутунду мени чынын айтканда нес кылды. Ал жерде өрттүн себеби катары электр зымын кимдир бирөө кокусунан тийип бузуп алганы айтылган. Бирок 4 метр бийиктикте жайгашкан ал зымды кокусунан бузуп алуу мүмкүн эмес», — деп кошумчалады Мамытова.

Ал эми жогоруда аты аталган камсыздандыруучу компания “АТН Полис” өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан чыкканын моюндаганы менен келтирилген чыгымды төлөп берүүгө ашыкпай эле. Алгач алар тергөөнүн жыйынтыгына чейин чыгымды төлөөнү жылдырса, көп өтпөй чыгымды төлөөдөн толук баш тартышкан.

Компаниянын башкы директорунун орун басары  Кабылжан Мамажановдун айтымында, өрттүн кесепетинен жаралган чыгымдын көп болуп кетүүсү жана өрттү өз убагында өчүрө албай  калуусу  кампаны туура эмес толтуруп, эреже сакталбаганынан болгон.

Кабылжан Мамажанов,  “АТН Полис” компаниясынын башкы директорунун орун басары

«Бир нече экспертиза дайындалган, алардын корутундусунда кампада өрт коопсуздугу сакталган эмес деп жазылат. Эспертизанын жыйынтыгына таянып биз каражатты төлөөдөн баш тарттык. Алар сотко беришти, райондук соттон уткан менен шаардык сот биз тарапка чечим чыгарган. Өрттүн жаралуу себеби зымдардын кыска туташуусу болгон менен ал жерде өрт коопсуздугу сакталбагандыктан чыгымдын көлөмү көбөйүп кеткен. Мындайча айтканда алар кампаны ашыкча толтуруп алышкан. Эгер кампаны көп толтуруп салбай, аны туура толтурганда чыгым мынчалык көп болбойт эле. Учурда шаардык соттун чечими күчүндө, андыктан биздин кадамдар мыйзамдуу болуп эсептелинет. Түшүнүп жатам алар утулуп калгандыктан чуу кылып жатышат», — деди ал.

Белгиленгендей, “Эфор Бишкек” ишканасы  чыгымды төлөтүү үчүн сотко кайрылган. Ишти караган Ленин райондук соту алардын өтүнүчүн канааттандырган менен Бишкек шаардык соту бул чечимди жокко чыгарган. Учурда “Эфор Бишкек”  Жогорку сотко кайрылышкан.

Белгилей кетсек  учурда кампанын башчысы Бакыт Жоргоевге карата кылмыш иши тергөөдө. Жактоочунун айтымында, аталган иш райондук соттун “Эфор Бишкектин” пайдасына чыккан  чечиминен соң белгисиз себептерден улам жанданган.

Нет описания.
Дильшод Расулов, адвокат  

«Башында 4 жолу кылмыштын курамы жоктугунан улам жабылган иш шаардык соттун алдында кайра ачылып, айыптоо багыты менен тергеле баштаган. Жыйынтыгында кампага жоопту болгон Жоргоевге айып тагылды. Бул иште бир катар бузуулар бар. Бул ишке баам салып көрсөк эгер Жогоев бул иште күнөөлү деп табылса, анда “АТН Полиске” чыгымды төлөдөн баш тартууга жүйө болот», — деп билдирди Расулов.

Ал эми “Эфор Бишкек ЛТД” компаниясынын негиздөөчүсү  Кемаль Газиоглу өлкө бийлигине болгон кайрылууларынан майнап чыкпай жатканын билдирүүдө. Ал бул сыңары жаралган жагдайлар өлкөгө инверторлорду тартуу ишине көлөкөсүн түшүрүүдө деп эсептейт.

Нет описания.
Кемаль Газиоглу, “Эфор Бишкек ЛТД” компаниясынын негиздөөчүсү 

«Биздин ишкана Кыргызстанда 15 жылга чукул убакыттан бери иш алып барат. 2012-жылдан бери “Эфор Бишкек” салык катары 566 миллион сом төлөгөн. Орто эсеп менен 50-60 адам иштейт. Мен да инвестор катары өлкөгө болгон инвестициялардын көлөмүн көтөрүүнү каалайм. 15 жылдан бери биз компаниябыздын мүлкүн камсыздандырып келебиз.

Биз күбө болуп келгендей эле өз өлкөмдө да, Кыргызстанда да ишин туура эмес алып барган компаниялар бар. Тааныш-билиштерди ортого салуу менен сот ишине, тергөөгө болгон кийлигишүүлөргө да күбө болуп келебиз. “АТН Полис” бул сыңары ыкмаларды колдонуп, биздин компанияны күнөөлү кылгысы келип жатат», — дейт Кемаль Газиоглу.  

Кемаль Газиоглу камсыздандыруучу компания ишти өз тарабына чечүүнүн аракетин активдүү көрүп жатканын кошумчалап, жана колунда бар далилдерин Башкы прокурор менен бөлүшүүгө даяр экенин белгилейт. Бирок анын Башкы прокурор менен жолугууга кылган аракеттери ишке ашпай жатканын билдирет.

Количество просмотров: 911