• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

200 миң пара менен кармалган Улан Чалбаев 5 жылга эркинен ажыратылды

20 Жетинин айы 2019 11:33 Бишкек Govori.TV

200 миң АКШ долларын пара катары алып жатканда кармалган Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу kaktus.media  сайты Биринчимай райондук сотуна шилтеме берип жазды

Маалыматка ылайык, буга чейин аталган кылмыш иш тергөөдөн соттук өндүрүшкө алынып, тиешелүү процедураларды өтүп жатканы айтылган. Ал эми 19-ноябрда иш каралып, кылмышка айыпталуучуну 5 жылга эркинен ажыратка өкүм чыккан.

Эске салсак, буга чейин жогоруда аталган 200 миң АКШ доллары УКМКдан жоголгону тууралуу маалымат интернет булактарында жана айрым ЖМКда жазылып чыккан.

Ал эми коомчулукта активдүү талкууланып жаткан бул маалыматка байланыштуу УКМК бир жумадан соң билдирүү таратып бул маалымат чындыкка дал келбейт деп жооп беришкен.

Количество просмотров: 242