25-майдан тарта Бишкек шаарында коомдук транспорттун — автобустар менен троллейбустардын иши жанданат. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымында, коомдук транспортто санитардык эрежелер сакталып, жүргүнчүлөр бет кап тагынышы керек.
Буга чейин бүгүн, 19-майда Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча комиссиясынын отурумунда ӨКМдин Бишкек боюнча башкармалыгынын башчысы Адилбек Чаргынов Бишкек шаарынын ыкчам штабынын жетекчиси коомдук транспортту 21-майда ишке киргизүүнү токтотуп турууну сунуштаганын билдирген болчу.