• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

30-январдан тарта коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт

15 Үчтүн айы 2024 16:01 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 2024-жылдын 30-январынан тарта коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, токтомдун долбооруна БШКнын төрагасы Куванычбек Конгантиев бүгүн кол койгон. Токтом расмий жарыяланган учурдан тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ошентип, 30-январдан тарта накталай төлөм менен жол кире 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом болот. Ал эми MegaPay электрондук капчыгы менен жол акысын төлөө мурдагыдай эле 11 сом болот.

Маршруткаларда болсо төлөм 20 сомду түзөт.

Количество просмотров: 98