• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

6-январдан тарта Бишкектеги дагы эки көчө бир тараптуу болот

5 Үчтүн айы 20249:33 Бишкек Govori.TV

Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү эки көчө 6-январдан тарта бир тараптуу болот, деп билдирет муниципалитеттин маалымат кызматы.

Тактап айтканда, Ж. Турусбеков жана Т. Үмөталиев көчөлөрү бир тараптуу болот.

Көчөлөрдүн төмөнкү тилкелеринде бир тараптуу кыймыл уюштурулат:

Ж. Турусбеков көчөсү — Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө);
Т. Үмөталиев көчөсү — Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө).

Теги:
Количество просмотров: 276