Бүгүн 13-мартта Бишкек ЖЭБдин кызматтан алынган мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулунун Govori.TV сайтына берген маегиндеги » Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо ЖЭБге алынган аттиштин (плоскогубцы) баасы 600 доллар деп көрсөтүлгөн» деген сөзү бир заматын ичинде соцтармактарда талкуу жаратты.
Анда соцтармактын колдонуучулары 600$га ат тиш эмес алтын тиш келет десе, экинчиси дароо башка жактан арзанын алып келем деген сунушун жазса, Гиннес китебине ТЭЦти да киргизүүнү сунуштаган. Майрамдарда аттишти белекке берүү сунушу да болгон.
Соцтармакта бүгүн талкууга алынган аттиштин тизмегин жарыялайбыз.