• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

7 тойкананын жарыгы өчүрүлүп, той токтотулду

1 Тогуздун айы 202013:20 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда той өтүп жаткан жети тойкананын жарыгы өчүрүлүп, той токтотулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарындагы бардык тойканаларга рейд жүрүп, жети тойканада той өтүп жатканы белгилүү болду. Жалал-Абад ресторанында 300 адамдык той өтүп жаткан.

«Аталган тойканалардын бардыгынын электр жарыктары өчүрүлдү. Аура ресторанындагы той кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иш козголду. Калгандарына айып пул салынды»,-деп айтылат маалыматта.

Эрежеге баш ийбей жаткан тойканаларга болгон рейд күчөтүлүп, күн сайын өткөрүлөт.

Количество просмотров: 503