• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Абактагы Дүйшөбаев Жапаров менен Ташиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылды

28 Жетинин айы 202216:50 Бишкек Govori.TV

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылууда. Бул тууралуу Дүйшөбаевдин жактоочусу Акын Авазбеков билдиргенин 24.kg агенттиги жазды.

Анын айтымында, арыз башкы прокурор Курманкул Зулушевге жолдонду.

Кеңешбек Дүйшөбаев «Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин аракеттеринде оор жана өзгөчө оор кылмыштын белгилери бар», алар «Мамлекеттик чыккынчылык», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», » Бийлигинен аша чаап пайдаланган» деген беренелер боюнча соттолушун талап кылган.

Мындан тышкары, коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кемпир-Абад суу сактагычынын берилишине каршы чыккан активисттерге жана саясатчыларга кылмыш ишин козгогон тергөөчүлөрдү да кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылууда.

Количество просмотров: 1893