• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Абактагы Жээнбековдун ден соолугу начарлап, медициналык кароодон өттү (видео)

20 Тогуздун айы 2021 9:24 Бишкек Govori.TV

Абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков ден соолугу начарлап, дарыгерлердин кароосунан өткөнүн уулу Азат Равшан «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Бүгүн атам ооруканада медициналык кароодон өткөрүлдү. Бардыгы жакшы болот деп ишенем»,-деп жазган ал.

Эске салсак, Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда абактан бошотулган. Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирип, быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин кабыл алган.

Количество просмотров: 6852