• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленди

27 Тогуздун айы 2019 1:11 Бишкек Govori.TV


26-октябрда Баткен облусунун Кадамжай районунда мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленди. Иш-чарага өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө, Абдыкадыр Орозбековдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандыруудагы өзгөчө ордун белгиледи.

Абдыкадыр Орозбеков 1889-жылы жарык дүйнөгө келип, атасынан эрте ажырап, кедейликтин запкысын бала кезинен тарткан экен. 1918-жылы 28 жаш курагында большевиктердин катарына өтүп, кызыл армиянын Фергана штабында алгач кызыл гвардиячы, кийин командири болуп дайындалган. Жер-жерлердеги элдик бийликтерди бекемдөө боюнча зор эмгеги жогору бааланып, Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Үч жылга жакын айылдык жана райондук революциячыл комитеттерди жетектеп, андан соң Ош аймактык эмгекчилер советинде бөлүм башчы катары кызмат өтөгөн. Эмгеги элге таанылып, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун уюштуруу курултайында депутаттар аны облустун төрагалыгына шайлашкан. 1925-жылдан 1937-жылга чейин Абдыкадыр Орозбеков 3 жолу мамлекеттик жогорку кызматка шайланып, элине ак кызматын өтөгөн. 1925-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитетине төрагалык кылган. 1926-жылы Кыргыз автономиялуу облусу түзүлүп, Абдыкадыр Орозбеков Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болгон. 1936-жылы Кыргыз АССРи союздук республика болуп кайрадан түзүлүп, ошол жылы Кыргыз ССРинин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланат. Бул жылдар Кыргыз мамлекетинин экономикалык, маданий-социалдык жагынан ыкчам өнүккөн мезгили катары белгиленген. Орозбеков жетекчилик кылган 12 жылдын ичинде өнөр жай өнүгүп, республикада көптөгөн завод-фабрика ишке кирген, миңдеген жумуш орундары түзүлгөн», — деди. Жээнбеков Орозбековдун Кара-Кыргыз автономиялуу облусун Кыргыз автономиялуу республикасы деп атоо боюнча тынымсыз сунуштарды, негиздүү аргументтерди берип жүрүп, жыйынтыгында ишке ашырганын айтты. «1936-жылы Кыргыз Автономиялуу Республикадан Кыргыз Советтик Социалисттик Республика болуп түзүлүшү үчүн зор эмгек өтөгөн. Жок жерден жалаа жабылып, Абдыкадыр Орозбеков 1937-жылы камакка алынган.Сегиз ай кыйноодон кийин «эл душманы» деп аталып, 1938-жылы атылып кеткен. Анын артында калган жубайы, эки уулу жана бир кызы адилетсиз куугунтукка кабылышкан. Ал тургай аты-жөнүн өзгөртүп жер которуп, бекинип жашоого аргасыз болушкан. 1956-жылы Абдыкадыр Орозбеков толук акталган, — деди Жээнбеков.

Иш-чаранын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Абдыкадыр Орозбековдун эстелигине гүл коюп, Кадамжай шаарындагы музейине барды. Музейдеги эскерүү китебине Орозбековдун элесине таазим эткен жазуусун калтырды.

Количество просмотров: 115