• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Айыл чарба министрине чириген картошка белекке берилди

12 Үчтүн айы 2019 1:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.01.2019.Govori.TV.

Маңдай терине күйгөн дыйкандар тээ күздөн бери эле баанын көтөрүлбөй жатканына нааразы болуп келишет. Алардын айтымында, бир гектар аянтка эгилген картошканын жалпы чыгымы 100 миң сомдун тегерегинде болот. Буга жердин ижарасы, жер семирткич, техниканын акысы кошулат. Эгер үрөнү жок болсо, бир гектар жерге килограммын 20-30 сомдон 3 тонна үрөн сатып алышы керек. Ал эми андан 30дан 50 тоннага чейин түшүм алышат.

Видео Sputnik.kg

Дыйкандардын көйгөйүн уккан соң кырдаалдын чоо-жайын суроо үчүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевге барып, таза, чоң картошканы көрсөтүп баасы 5 сомдон ашпай жатканын айткан. Эгер экспорт маселеси чечилбесе сактаган картошка кандай болуп чирип кетерин да көрсөткөн.

Теги:
Количество просмотров: 18