Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев комитеттин жыйынында билдирди. Ал өкмөттүн спорт тармагына бөлүнгөн каражаттарды кыскартып жатканына терс пикирин айтты.
«Өкмөт бир топ кыскартууларга жасапсыздар, мына спорт агенттиги 303 миллион кыскартууга барыптыр. Ошондо өкмөт эң көп кыскарткан тармак спорт болуп жатабы? Демек быйыл быйыл олимпиадага даярдыкка спортчуларга каражат болбойбу?», — деген суроо салды.
Депутатка жооп берген Спорт агенттигинин өкүлү Кыргызстандын ичиндеги мелдештер жокко чыкканын билдирди.
Ал эми депутат өз кезегинде Кыргызстанды чет жакка таанытып жаткан спортчулар гана бар экенин айтып, бул тармактан мынчалык көп кыскартуу туура эместигин билдирди.