• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Акнет» боюнча сотко чейинки өндүрүш аяктады

9 Бештин айы 2019 13:17 Бишкек Govori.TV

«Акнет» ишканасынын президенти Кубан Ажимудиновго козголгон иш тергелип бүттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

ИИМдин билдирүүсүнө караганда, «Акнет» ишканасына каршы арыздын ээси, акционерлердин бири компания анын үлүшүн азайтып, дивиденд төлөөдөн баш тартканын, мамлекетке салык жана социалдык төлөмдөрдү аз төлөп жатканын айтып, милицияга кайрылган.

Азыркы учурда «Акнет» ЖЧКсынын президенти К.А. карата  кылмыш иши аяктап, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына иликтөө жана андан ары сотко жөнөтүү үчүн жиберилди,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 73