• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Акрам Мадумаров мугалимдерди сынга алды (видео)

22 Үчтүн айы 2020 16:02 Бишкек Govori.TV

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров бүгүн, 22-январда Кызыл-Кыя шаарындагы Кызыл-Кыя педогогикалык институтуна барды.

Облус жетекчиси окуу жайдын имараты менен таанышып, шарты начар экендигине нааразы болду. Ал окуу жайдын кызматкерлери менен жолугуп, кемчиликтерди баса белгиледи. Ошондой эле мугалимдердин галстуксуз жүргөнүн сынга алып, билим берүүчү жайда үлгү болуп жүрүш керектигин билдирди.

“Адам биринчи өзүнөн башташ керек. Мен бүт мугалимдер менен учураштым. Бирөөңдө галстук жок. Жүрүшүңөрдү карагылачы. Мен ошол үчүн сурап жатам. «Азыр ишпи?» деп жатсам, силер иш деп жатасыңар. А эмне үчүн «без галстук» жүрөсүңөр? Мына директоруңар костюм-шым, галстук менен эле жүрөт. Силер студенттерге үлгү көрсөтөсүңөр”, – деди Мадумаров.

Мугалимдер сабакка галстук кийип келерин жооп беришип, учурда ремонт жүрүп жатканын айтышты.

https://youtu.be/whp8DMm9w4w
Количество просмотров: 291